Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев ШКУ өкмөт башчыларынын жыйынына катышат

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 696 | 0

Бүгүн, 12-октябрда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында ШКУ өкмөт башчыларынын жыйынына катышат. Саммит өкмөттүк резиденцияда өтөт.

Анда алгач ШКУ мамлекеттеринен келген делегация Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен учурашып, кол алышат. Андан соң өлкө президенти Эмомали Рахмон ШКУ өкмөт башчыларын кабыл алат.

Бул жолугушуулардан кийин саммит башталып, биргеликте сүрөткө түшүү аземи болот. Андан кийин өкмөт башчылардын тар жана кеңири курамдагы жыйындары өтөт.

Саммиттин алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, андан соң Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кецян менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, бул жолугушууларда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу да сүйлөшүү болору болжолдонуп жатат.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында вице-премьер министр Жеңиш Разаков, Экономика министри Олег Панкратов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов жана башкалар бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM