Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Монголия менен соода алаканы жандантууну сунуштады

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 832 | 0

Кыргызстандын Монголиядагы консулдугу Элчилик болуп түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Монголиянын премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин менен жолукканда айтып, ага ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу төмөн деңгээлде экенин, аны жандантуу үчүн эки өлкө ортосунда иштиктүү кеңеш түзүүнү сунуштады. Ошондой эле Абылгазиев Монголиядагы экономикалык өсүштөрдү өз көзү менен көрүп келүүгө кызыктар экендигин айтты.

Ал эми Монголиянын вице-премьер-министри бул жолугушууга кубанып турганын билдирип, “эки элдин мамилеси миндеген жылдарды камтыйт”,-деди.

Эске салсак, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-октябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM