Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев ооган өкмөт башчысы менен жолукту

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 717 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ооганстандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда Абылгазиев Ооганстанда бул жылы парламенттик шайлоо, кийинки жылы президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. Муну менен катар Ооганстан менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү багыт экенин белгилеп, Ооганстанга байланыштуу бардык эл аралык кызматташтыкты мындан ары да колдой турганын билдирди.

Абылгазиев экономикалык алакага токтолуп, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасы төмөн деңгээлде экенин, аны жогорулатууга кызыктарлыгын билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-ооган өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү колдогонун, жакынкы убакытта ал келишимге кыргыз тарап кол коюуга даяр. Абылгазиев Өкмөттөр аралык комиссиянын түзүлүшү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн жакшы механизми болоорун кошумчалайт.

Эске салсак, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-октябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM