Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Дүйшөмбүгө барды

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 736 | 0

Бүгүн, 11-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Алгач Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугат. Анда вице-премьер-министрлер да катышат. Ушул эле күнү Ооганстандын аткаруу бийлининин башчысы А. Абдулла, Монголиянын премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин менен жолугат.

Белгилей кетсек, Душанбеде ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити 12-октябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM