Биз менен байланышыңыз

Кыздарды колдоого көңүлкош мамиле тоскоол

Коом | 11 Окт 2018 | 2218 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2011-жылы көп өлкөлөрдөгү көйгөй – кыздарды эрте турмушка берүү, социалдык теңсиздик маселелерин эске алып, кыздардын укуктарын коргоо максатында 11-октябрды Секелек кыздардын эл аралык күнү катары жарыялаган. Ошондон бери кыздарга болгон мамиле өзгөрдүбү? Коомчулук кыздарга кандай көңул буруп жатат деп кызыгып шаар тургундарынын пикирин билип көрдүк.

— Коом жакшы эле көңүл буруп жатат окшойт. Бирок кыздарга мурдагыдай сын-пикир, сунушун айткандар азыраак. Аксакалдарыбыз да жакшы тарбия бербей жатат. «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген нерсе мурункудай эмес. (эркек) 

—  Кыздарга көңүл буруу жетиштүү деп ойлом. Себеби маршруттук таксиге чыксак, балдар орун беришет. Менин группалаштарым колдоо көрсөтүшөт. Коомчулук кыздарга өзгөчө мамиле кылат деп айтпайм, бирок сый мамиле кылышат. (кыз)

— Муруку СССР убагындагыдай эмес. Азыр баары орой болуп кетти. Айрым үй-бүлөлөр кыздарынын көзүнчө арак ичип алышат. (эркек)

Бирок кыздарга болгон мамиле мурдагыдай жакшы сакталып келе жатканын айткан жарандар да кездешет.

— Кыздарга мамиле жакшы. Азыр деле сыйлайбыз, урматтап жүрөбүз. Кыздарга, карындаштарыма аяр мамиле жасайм. (эркек)

— Жалпы жонунан алганда кыздарга көңүл буруу орто деп белгилемекмин. Себеби азыркы учурда мигрант кыздар коомчулук тарабынан терс кабыл алынганын көрөбүз. Светтик мамлекет болгондуктан кыздардын илим алуусуна, коомдо өз ордун таап жумуш менен алектенүүсүнө жакшы шарттар түзүлгөн. Буга катар кыргыздын жигиттери кыздарды сыйлаганды билишет. (кыз) 

Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев секелек кыздарга карата мамлекетте эч кандай программа жок экенин белгилеп, аларга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын айтты. Анын пикиринде, өспүрүм кыздарды камкордукка алууда билим менен тарбия иштерин айкалыштырып алып кетүү зарыл.

— Тилекке каршы, секелек кыздарга жакшы көңүл бурулбай жатат. Өспүрүм кыздарды окутуп тарбиялоо боюнча атайын саясат жок. Баарын аралаштырып жиберишкен. Жакшы окуган кыз жаман ишке барбайт. Жаштарды тарбиялоо өзгөчө мамилени талап кылат. Себеби секелек кыздар талдай ийилген, назик болушат. Мамлекет атайын программа түзүп, жаш кыздарга багыт берип, окуу-тарбия маселесин чогуу алып кетсе өнүгүү болот. Буга ата-энелер дагы катышуусу шарт. Азыр айрым ата-энелер кыздарга көңүл бурбай мектепти күнөөлөшөт. Эркиндик берип, аны менен бирге көзөмөл болсо жакшы болот. 

Ал эми эл өкүлү Карамат Орозова кыздарга көп көңүл бурула баштаганын, алардын укугун коргоо максатында Жогорку Кеңеште бир топ мыйзамдар кабыл алынганын белгилейт.

— Эрте жашта турмушка чыгууга тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алган соң бир топ жылыштар болду. Себеби жазаны күчөткөнбүз. Бирок булар жетишсиз. Дагы көп иштерди жасашыбыз керек. Өспүрүм кыздарга кол салуулар көп болууда. Мыйзамдарды канчалык оңдогон менен кыздарды сактоо дагы өтө кыйын болуп жатат. Балким элдин арасында да идеологияларды жайылтпасак болбойт окшойт.   

Деген менен, кабыл алынган мыйзамдар толук кандуу иштебестигин, кыздар коркунуч менен жашап келе жатканын айткандар бар. «Улуттук кыздар» федерациясынын президенти Алтынгүл Кожогелдиева кыздарга көңүл бурууда биринчи кезекте алардын ден соолугуна кам көрүү маанилүү экенин айтат.

— Кыз ала качууга тыюу салынган мыйзам толук кандуу иштебей жатканы өкүндүрөт. Кыздар коркуп жатышат. Айылга барганда жоолук салынып, өзүн турмушка чыккандай кылып көрсөтүшөт. Аларга мыкты билим берүү зарыл. «Окуудан калсаң макул, бирок үйдөгү жумуштар калбасын» деген көз караш болбошу керек. Себеби кыздар келечекте эне болот, бала тарбиялашат. Кызга кырк үйдөн тыюу дебей, тескерисинче, кырк үйдөн колдоо көрсөтүп, жакшы сөздөрдү айтуу зарыл. Анткени заман ошону талап кылып жатат.   

Ошондой эле атагысы келбеген жаран «ата-энелер кыздарга жакшы тарбия бере албай жатабыз»,-деди.

— Азыр улуулард кичүү муунга аз көңүл бөлөт. Ал эми кыздарга көңүл бөлүү мурдагыдан да төмөн деп ойлойм. Анткени «кыздар өзүнүн жолун таап алат» деген үмүт пайда болуп калды. Бул көңүлкоштук. Чындыгында коомчулук, мамлекет тарабынан атайын прорграммаларды түзүп ага башкача көңүл буруу зарыл.

Кошумчалай кетсек, Секелек кыздардын эл аралык күнү алгачкы жолу 2012-жылы белгиленген. Бул күнгө карата бир катар мамлекеттерге кыздарга байланыштуу көйгөйлөрдүү чечүү боюнча турдүү иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM