Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков БУУнун Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 859 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Озонния Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Анда тараптар өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформарлар алкагындагы аракеттерди талкуулашты.

Разаков белгилегендей, БУУ бир катар жылдар бою экономиканын ар кайсы секторлорунда көмөк көрсөткөн Кыргызстандын туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Ожиело БУУ кыргыз жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо жаатында жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурарын айтты.

Мындан тышкары тараптар жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында биргелешкен аракеттерди консолидациялоого багытталган келечек кадамдарды эксперттик деңгээлде талкуулоону макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM