Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өкмөт өлкөлүк брендди түзүүгө маани берет

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 596 | 0

Кыргызстанда акыркы жылдары эмгекти сүйгөн дыйкандардын классы калыптанды. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал белгилегендей, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча органикалык азыктарга карата суроо-талаптын жылдык өсүүсү 14% түзөт. Ошол себептүү Өкмөт органикалык продукциянын өлкөлүк стандарттары дүйнөгө таанылышы максатында аны эл аралык стандарттар менен ылайыкташтыруу боюнча ишти улантарын айтты.

Дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда өкмөт башчы эл аралык сертификатташтыруу органдарын ишке тартуу ниетин билдирди. Ошондой эле өлкөлүк брендди түзүүгө маани берилерин кошумчалады. Өз сөзүндө жашыл экономиканы уюштуруу жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштө дүйнөлүк саясатты колдорун да айтты.

Copyright © 2017 Maral FM