Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Миллиондор коротулган айкелдер

Коом | 9 Окт 2018 | 1498 | 0

Быйыл Ысык-Көлгө миллиондогон акчаны чапчыган 2 чоӊ эстелик тургузулду. Биринчиси, жети акенин бири Жети-Ѳгүздөн чыккан Карга Акенин айкели Дархан айылына коюлуп, 40 миӊ доллар жумшалды. Албетте бул акча кимдир бирөгө көп. Каражат Кордай айылынан алынып келинген 30 тонналык чоң ташка, кызыл гранитке жумшалып,  салмагы 12 тонна, бийиктиги 7,5 метрлик айкелди түздү. Маселен, акенин 300 жылдыгын белгилөөнүн тарыхта орду бар. Ошол эле учурда боз үй тигип, той өткөрүү чоӊ ысырапчылык алып келгендигин жашоочулар билдирүүдө.

Ысык-Көлдөн чыккан акелер жашап өткөнү талашсыз. Анын ичинен Карга Акенин 300 жылдыгы белгилеп, Дархан айылына эстелик тургузулду. Өзүм да барып көрдүм, көп ысарапчылык, көп мал союлуптур.

-Азыр биз окубайбыз, көрбөйбүз. Ушул эстеликтерге барып, окуп турсак деле болот. Мисалы Тоголок Молдо, Держинский, Пушкин ким экенин эстеликтин аркасы менен билип жатабыз. Бул деле туура болсо керек.

-Быйыл аймактарды өнүктүрүү жылы болуп жатпайбы. Бирок бул тармакта кандайдыр бир мааниде көрүнүктүү деле иш болбой жатат.

Ошондой эле коомчулуктун бүйүрүн кызытып, талкуу жараткан дагы бир чоӊ эстелик бул — Ак-Суу районунан чыккан Арык Мырзанын айкели. Инсандын 450 жылдыгына карата 7 миллион сом каражат жумшалып, Каракол шаарынын борбордук бөлүгүнөн орун алды. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында ачылып, Ак-Суу районунда 150 кыргыз үйү тигилип, көп санда мал союлуп, спорттук оюндарга баш байгеге авто унаалар, акчалай сыйлыктар ойнотулган.  Бүгүнкү күндө бардык чыгымдарды кошуп, эсебин чыгарганда бир бала бакча же бир мектеп курууга жетмек деген ойлорун Караколдун активдүү тургундары да белгилешти:

-Менин кызым Каракол шаарындагы №2 бала бакчага барат. Бир тайпада азыр 80-90дон бала бар, жакшы каралбайт. Эгер эстеликтин оордуна бир бала бакча ачып атын берип койсо түбөлүккө унутулбайт эле.

-Эстеликтердин деле пайдасы бар болсо керек. Мисалы Арык атаны деле эч ким тааныбайт. Караколдун борбордук бөлүгүнө коюулуп, өмүр баяны жазылып маалымат кеӊири жайылтылып жатат.

-Арык Мырзанын эстелигин ачууга Ак-Суу районунун ар бир айылында марафон өткөрүлдү. Кээ бир үй-бүлөдө акча жеткени, жетпегени бар. Негизи акча чогултуп той өткөргөндү туура көрбөйм. Эстелик тургузса тургузсун. Бирок анын аркасы менен майрамдап ичип, жеп, басып кетиштин эмне кереги бар?

Учурда Ысык-Көлдүн күнгөй тескейи  тарыхый-архитектуралык эстеликтерге байып баратат. Маалыматка таянсак, алардын саны 1,5 миӊден ашты. Анын 320 объектиси мамлекеттик мааниде болсо, 1 миӊден ашыгы  жергиликтүү археологиялык эстелик катары катталган. Анын ичинен Каракол шаарына коюлган Арык Мырзанын айкели да жергиликтүү маанидеги  40- эстеликти катары тургузулду. Бирок мындай скульптуралык курулуштар облуска зыянын тийгизбейт, туризм менен тарыхтын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын Каракол шаарындагы маданият бөлүм башчысы Алик Асанов билдирди:

-Жакшы кеп бар, тарыхы бар эл бул- тамыры бар дарак сыяктуу. Тарых, элдин келечеги үчүн, улуттун сакталышы үчүн кызмат кылган адамдарды унутууга акыбыз жок. Мисалы мен чет өлкөнүн 4-5 шаарында болдум. Фараондордун эстеликтери көчөдө эле жайгашкан. Кээ бир жерлерде жаныбарлардын сүрөттөрү да турат. Чындыгында туристтерди ушундай нерселер өзүнө тартат.

Демек, миллиондогон акчаларга демөөрчүлөрдүн эсебинен эстелик тургузулуусу мамлекетке тоскоолдук жаратпайт.  Анын аркасынан той өткөрүүдөгү ысырапкорчулугу коомчулуктун нааразы кылганы бекеринен эмес. Андыктан, азыркы таптан баштап эӊ биринчи кезекте эл муктаж болгон социалдык мекемелер куруу зарыл экендигин экс-депутат Эсенгул Исаков белгиледи:

-Көп тойлор болуп жатат, бирок биз тамакты ичип, жеп кетип жатабыз. Социалдык маселе калып жатат. Ошондон улам эл нааразы болуп, «эмне үчүн бизде бул жок, тигил жок» деп айтып жатышат. Менин оюмча, айылдарда коомчулук биригип, концерт көрүүчү имараттарга, бала бакчаларга, мектептерге зар болгондор көп. Ошол маселени эске алып, биз азыр 1990-жылдагыдай баарыбыз чуркап биринчи ушул кемчиликтерди чечүү керек. Бардыгы телегейи тегиз болуп калса, анда өздөрүнүн акчаларына ушундай нерселерди курса эч ким тоскоол болбойт эле.

Copyright © 2017 Maral FM