Биз менен байланышыңыз

Индонезиянын жер титирөө болгон аймагында вулкан “ойгонду”

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 1057 | 0

Индонезиянын Сулавеси аралында жайгашкан Сопутан вулканы «ойгонду». Бул тууралуу Jakarta Post басылмасы кабарлады. 3-октябрь күнү жергиликтүү саат боюнча 9:00 чамасында бийиктиги 4 чакырымга жеткен вулкан атылган. Бул тоо 28-сентябрда катталган жер титирөө болгон аралда жайгашкан. Вулкандын “ойгонуусуна” аталган жер титирөө түрткү болгону айтылууда.

Вулкандан жабыркаган калктуу пункттар азырынча жок. Бийлик жакын жайгашкан айыл тургундарын этияттык чараларын көрүүгө, вулканга 4,5-6 чакырым аралыкта алыс болууга чакырды.

Кошумчалай кетсек, Индонезия Тынч океан аймагындагы эң активдүү тектоникалык плиталар жайгашкан аймакта орун алган. Сейсмологдор бул жерде жылына 6-7 миндей жер титирөөнү катталарын айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM