Биз менен байланышыңыз

Индонезия: цунамиде курман болгондордун саны 1400дөн ашты

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 1035 | 0

Акыркы маалыматтарга караганда, Индонезиядагы жер титирөө жана ал пайда кылган цунамиден каза болгондордун саны 1400дөн ашты. Оор жаракат алгандар 1000ден көп болсо, 70 000 адам үй-жайсыз калды. Мындай маалыматты өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат катчысы Сутоко Пурво билдирди.

Чоң толкундар жээкте жайгашкан калктуу пункттарды дээрлик жок кылгандыктан, аман калгандар табылбай, жээктен өлүү денелер гана чыгууда. Унаа жолдорунун жана аэропорттун жарактан чыгуусу куткаруу иштерин кечеңдетип, бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Курман болгондордун саны дагы артары бышык. Анткени дайынсыздар жана каралып бүтө элек урандылар көп болууда.

Эскерте кетсек, 28-сентябрь күнү кечинде кубаты 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, артынан бийиктиги 3-6 метрлик толкундар жээктеги Донгалла жана Палу шаарларын талкалап кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM