Биз менен байланышыңыз

Орусия С-300 зениттик ракета комплексин Дамаскка жеткирип берди

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 968 | 0

Орусия Сирияга берүунү убада кылган С-300 ракеталык комплексти Дамаскка жеткирип берди. Бул тууралуу Федерациянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Шойгунун билдирүүсүндө, алар Сирияга 49 техникалык бөлүкчөнү алып барышкан.  Бул комплексти колдонууну сириялык аскерлерге үйрөтүү үч ай убакытты талап кылат. Окутуучу кадрлар дайындалып, үйрөтүү иштери башталды. Комплекс 20-октябрда колдонууга даяр болот.

“Биз Сириядагы радиоэлектрондук коргонууну күчтөндүрдүк. Эми аймактагы аба соккулары таамай кайтарылып, комплекс биздин Сириядагы базабыз менен байланыштырылды. Эми бул система өнөктөш объекттерди жазбай тааныйт”,-деди коргоо министр Сергей Шойгу.

Бул оор согуштук куралдын Сирияга алып барылуусу эл аралык коомчулукта эки апта боюнча кызуу талкууланды. Өзгөчө АКШ менен Израиль бул кадамга каршылыгын билдирип жатышты. АКШнын президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон: “Бул өтө чоң ката. Жакынкы Чыгыштагы ансыз да кызып турган абалды андан бетер курчутат”,-деди. Ал эми Израилдин премьер-министри Бунямин Натеньяху мындай олуттуу куралды аймактагы эң жоопкерчиликсиз, агрессивдүү колго тапшыруу абдан одоно кадам болорун Орусия телеканалына билдирген.

Эскерте кетсек, С-300 ракеталык комплекси 17-сентябрда Сириядагы орус аскердик базасына караштуу Ил-20 чалгын учагынын Сирия күчтөрү тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнүнө жооп кылып берилди. Анда сириялык аскерлер эски советтик С-200 комплекси менен израилдик чабуулчуларга каршы коргонуп жатып, орусиялык учакка тийишкен болчу. Учактагы 15 орус аскери набыт болуп, буга Орусия тарап Израилди кунөөлөп келет. Бирок Израиль бардык күнөөнү Сирия куралдуу күчтөрүнө коюп, алар асмандагы орус учагынын бар-жогун текшербестен, оңду-солду аткылап жатып түшүрүшкөнүн айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM