Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Эгер акыйкатчы болбой калсам, ассамблеянын ишин улантам

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 849 | 0

Токон Мамытов эгер  акыйкатчы болуп шайланбай калса, учурдагы ишин улантат. Мындай пикирин ал өзү «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Мамытов мамлекеттик кызматка баруу үчүн биринчи жолу арыз жазганын айтат.

«Өлкөдө айрым маселелерди чечүүдө укук бузуулар көп болгонун байкап, акыйкатчылык кызматка талапкерлигимди көрсөттүм. Анын үстүнө акыйкатчылык менен азыркы жумушумда бирин-бири толуктаган учурлар бар экен. Бул тармакты билем, себеби акыйкатчы жөнүндө кабыл алынган мыйзамга дагы тиешем бар. Ушул айдын декабрында 65 жашка чыгам, демек акыйкатчылыкка өз талапкерлигимди көрсөтүүгө дагы 3 ай убактым бар», — дейт Мамытов.

Эгер жаштар жакшы багыттарды көрсөтсө, 5 жыл күтпөй эле арыз жазып, акыйкатчылыкты өткөрүп берерин белгиледи.

Эске салсак, КСДП фракциясы акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал учурда Кыргызстан элинин ассамблеясына төрагалык кылып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM