Биз менен байланышыңыз

Орусияда пенсия реформасына каршы чыккан активисттер кармалууда

Дүйнө | 10 Сен 2018 | 1028 | 0

Орусияда бүгүн пенсия жашын жогорулатуу мыйзамына каршы чыккан активисттер кармалууда. Бул тууралуу “Эхо Москвы” жазды.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда өтүп жаткан нааразылык акцияларында коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи, Навальныйдын ютуб каналынын продюсери Любовь Соболь кармалды. Владивосток шаарында полиция кызматкерлери эки активистти кармашкан. Красноярск шаарында Навальныйдын штабындагы активист Владислав Ткачукту белгисиз адамдар бутун сындырууга аракет кылып коркутушкан. Ал эми Хабаровск шаарында 10 адам кармалган.

Акциялар мындан башка да бир нече шаарда пландаштырылган. Москва шаарындагы Пушкин аянтында болсо саат 14:00гө пландаштырылган.

Белгилей кетсек, Орусияда пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну 14-июнда Дмитрий Медведев баштаган өкмөт сунуштаган. Аталган демилгени 19-июлда Мамлекеттик думанын депутаттары биринчи окууда кабыл алган.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Натыйжада 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек. Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Ал эми эркектердин орточо жашоо курагы 65 жашты түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM