Биз менен байланышыңыз

Молдова президенти Игорь Додон жол кырсыгына кабылды

Дүйнө | 10 Сен 2018 | 948 | 0

Молдованын президенти Игорь Додон жол кырсыгына кабылып, ал бара жаткан унаа аласалып кетти. Окуя 9-сентябрда Страшена-Калараш трассасында болгон.

Молдовалык Publika.md телеканалы билдиргендей, президент бара жаткан унаа оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, жаан жаап жаткан учурда жол тайгалак болуп, айдоочулар рулду башкара албай калган.

Учурда Додондун абалы туруктуу экени айтылды. Кырсыкта үч унаа, президенттин коргоо кызматындагы эки унаа да жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM