Ал элчи катары үч жылдык мөөнөтү бүтөрүнө аз калганда “милдетин талаптагыдай аткарган жок” деген негиз менен кызматтан бошотулушун “бир тараптуу”, “мыйзам актыларына туура келбеген” сунуштама менен байланыштырды.
Уланбек Тотуяев кызматтан алынышына өзү да түшүнбөй калганын айткан.
«Мен да бүгүн окуп, кызык абалда болуп калдым. Кандай себептен мындай жарлык чыгып калганын өзүм да түшүнбөй калдым. Бирок мен кесиптештеримден сурап билгеним боюнча, биздин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана анын орун басары Абазбек Атаханов тарабынан биздин президентке каттар жазылыптыр. Президентке “өзүнүн милдетин туура эмес аткарат” деген сыяктуу кат киргизип, кол койдуруп чыгышыптыр.
Бизге эки жума мурда Тышкы иштер министрлигинин жабык комиссиясы келип кеткен. Кайсы мыйзамдардын негизинде келип, текшерип кеткенин мен да өзүм түшүнбөй калдым. Анткени ошол комиссиянын негизинде 11-июнда Тышкы иштер министрлигинде коллегия өтүптүр. Беш-алты күн мурда ошол коллегиянын чечимин көрдүм, окудум. Мага көп нерсе кызык болуп жатат» , — деп билдирген Тотуяев.