Биз менен байланышыңыз

Пакистандагы элчи Тотуяев кызматтан бошотулушу боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 204 | 0

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев кызмат ордунан «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» бошотулган. Президенттин мындай Жарлыгы 27-июнда чыккан.

Уланбек Тотуяев “Азаттыкка” курган маегинде кызматтан алынышына тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен анын орун басары Авазбек Атахановдун жеке дооматы себеп болушу мүмкүндүгүн айтты.

Ал элчи катары үч жылдык мөөнөтү бүтөрүнө аз калганда “милдетин талаптагыдай аткарган жок” деген негиз менен кызматтан бошотулушун “бир тараптуу”, “мыйзам актыларына туура келбеген” сунуштама менен байланыштырды.

Уланбек Тотуяев кызматтан алынышына өзү да түшүнбөй калганын айткан.

«Мен да бүгүн окуп, кызык абалда болуп калдым. Кандай себептен мындай жарлык чыгып калганын өзүм да түшүнбөй калдым. Бирок мен кесиптештеримден сурап билгеним боюнча, биздин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана анын орун басары Абазбек Атаханов тарабынан биздин президентке каттар жазылыптыр. Президентке “өзүнүн милдетин туура эмес аткарат” деген сыяктуу кат киргизип, кол койдуруп чыгышыптыр.

Бизге эки жума мурда Тышкы иштер министрлигинин жабык комиссиясы келип кеткен. Кайсы мыйзамдардын негизинде келип, текшерип кеткенин мен да өзүм түшүнбөй калдым. Анткени ошол комиссиянын негизинде 11-июнда Тышкы иштер министрлигинде коллегия өтүптүр. Беш-алты күн мурда ошол коллегиянын чечимин көрдүм, окудум. Мага көп нерсе кызык болуп жатат» , — деп билдирген Тотуяев.

Ал Пакистандагы элчиликке 2021-жылдын июль айында дайындалган.

Ага чейин 2003-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Республика — Ата журт» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM