Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, эртең, 28-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +24…+26, күндүз +34…+38 градус ысык.