«Акылман» президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосуна катышуу үчүн 8-класстар 25-майга чейин exam.edu.kg сайтына катталышы керек.
8-класстар үчүн конкурстук тандоо 3 этаптан турат:
Биринчи турда 1-6-июнь күндөрү онлайн тестирлөө болот.
2-турда 10-14-июнь күндөрү онлайн тестирлөө.
Үчүнчү тур 18-22-июнь күндөрү оффлайн түрдө тестирлөө ар бир облуста өткөрүлөт.
Эгер 15-майга чейин катталып алгандар болсо, алар ошол логин/паролу менен эле тестирлөөгө катыша алат. Андыктан кайра катталуунун кереги жок.
Толук маалымат алуу жана катталуу үчүн:
Инстаграм баракча – @akylman.presidential_school (https://www.instagram.com/akylman.presidential_school?igsh=MWcya2FmejRqYTd2eQ%3D%3D&utm_source=qr)
Телеграм канал – “Акылман” Кабыл алуу — 2024” (https://t.me/akylmanpresidentialschool)
1-2-турдун тестирлөөсүн онлайн тапшыруу үчүн сайт – https://exam.edu.kg/