Биз менен байланышыңыз

№16 түзөтүү мекемесиндеги курулуш иштери жыл аягында аяктайт

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 235 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Москва районунда жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын № 16 түзөтүү мекемесинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Өкмөттөн кабарлашкандай, реконструкциялоо иштери быйыл апрель айында башталган. Курулуш иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Жумушту Жазаларды аткаруу кызматынын “Механизацияланган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасы жасоодо.

Объектиде 100дүн тегерегиндеги жумушчу иштеп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM