Эртең, 5-декабрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;
Бишкекте 5-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +11…+13 градус жылуу.