Connect with us

«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкектеги 6,8 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 451 | 0

«Түндүкэлектр» ишканасы 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрө турганын эскертти.

Маалыматка ылайык, 29-июндан «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкек шаарындагы 6,8 миңден ашуун үй абоненттерин аралыктан өчүрөт.

Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3,04 млн сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM