Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 693 | 0

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан майнинг-ферманын электр энергиясын мыйзамсыз колдонуп, керектөөдөн ашыкча киреше алып, республикалык бюджетке зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факт УКМКнын сотко чейинки өндүрүшүнө катталган.

Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2 миңге жакын жабдуу алынган:

— Чүй облусу, Ысык-Ата району, Дружба айылы;

— Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;

— Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;

— ЭЭА аймагындагы Бишкек шаардык өнөр жай объектилери;

— Бишкек шаардык «Фрунзе» заводу, Интергельпо көчөсү;

— Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов көчөсүндөгү жеке менчик объект.

УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM