Бүгүн, 26 — мартка карата республика боюнча COVID-19дун 100 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде жалпысынан 62 бейтап айыгып чыкты.
Мындан сырткары сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 87 миң 858ке жетип, алардын ичинен 84 миң 469 адам айыкты. Мунун ичинен 1494 адам көз жумду.