Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда мигранттар коронавируска каршы биринчилерден болуп эмделет

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 716 | 0

Өзбекстанда биринчи кезекте коронавируска каршы эмделе турган адамдардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматтарга ылайык, жаңыланган тизмеге: журналисттер, блогерлер жана медиа кызматкерлери, коомдук транспорттун кызматкерлери (метро, ​​темир жол, аэропорттун кызматкерлери), чет өлкөлөрдө билим алып жаткан студенттер жана эмгек мигранттары кошулду.

Алгач тизмеге 65 жаштан ашкан адамдар, өнөкөт оорулары бар жарандар, медициналык, билим берүү мекемелеринин жана укук коргоо органдарынын калк менен байланышта иштеген кызматкерлери кирген. Бул адамдардын болжолдуу саны 4,1 миллионго жеткен.

Эмдөөлөр ыктыярдуу жана толугу менен акысыз болот жана март айынын башында башталат. Бул үчүн Орусиянын «Sputnik V» вакцинасы жана «ZF-UZ-VAC-2001» кытай-өзбек вакцинасы сатылып алынууда.

Copyright © 2017 Maral FM