Президенттикке талапкер болгон коомдук иштер Мыктыбек Арстанбек «Нур» аталышында жаңы саясий партия түздү. Ал бул тууралуу 14-январда маалымат жыйынында кабарлады.
Партия лидери Мыктыбек Арстанбектин айтымында, азырынча 11 мүчөсү бар. Каалагандар кошулса болот.
«Адамдарды өзүн-өзү багып, капиталисттик система менен жашоого үйрөтүүбүз керек. Биздин негизги максатыбыз, ишкердикке басым жасайбыз», — деди Мыктыбек Арстанбек.