Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык балатынын оту 10-декабрда жандырылат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кабарлады.
Анын айтымында, борбордук аянтта мурункудай концерт жана салют болбойт.
«Концерт уюштуруу үчүн 4 миллион сом керек экен. Ошондуктан мындан баш тартып жатабыз. Колубуздан келишинче акча коротпой, жасалгалап, үнөмдөлгөн акчаны башка пайдалуу нерсеге жумшасак деп ойлойбуз», — дейт Түлөбаев.
Бишкек мэриясы быйыл Жаңы жылдык салют аттыруудан жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартканын буга чейин вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирген.
Ал үнөмдөлгөн акча майып балдары бар жакыр үй-бүлөлөргө, ошондой эле ардагерлерге белек берүүгө жумшаларын айткан.