Биз менен байланышыңыз

Боронов: Бейтап менен шаар аралап, орун издебегиле

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 747 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун ишин талкуулады.

Ал бардык медициналык мекемелер менен кызматташуу механизмин жөнгө салуу зарылдыгын айтты. Эгер тез жардам көрсөтүүчү врач бейтапты ооруканага жаткырууну чечсе, диспетчер онлайн орундардын эсебине карап, аны кайда жайгаштырууну билүүсү керек.

Боронов бардык ооруканалардын жетекчилерине бул алгоритмди иштеп чыгууну тапшырды.

“Оорулуу менен шаар аралап жана ооруканаларды кыдырып, бейтапты кабыл алуусун өтүнүп жүрүүсүнө жол берилбеши керек. Силер бирдиктүү механизм катары иш алып барып, бейтаптын өмүрүн сактап калууга гана көңүл бурушуңар керек”, — деди Боронов.

Өкмөт башчы бейтаптарды электрондук эсепке алууну жүргүзүүнү тапшырды. Бул коронавирустук инфекция менен күрөшүү алкагында гана эмес, санариптик программа алкагында да маанилүү.

Ал мындан тышкары, октябрь айында пайдаланууга берилчү жаңы ооруканалардын курулушун жыйынтыктоо, профили өзгөртүлгөн ооруканаларды ремонттоону тездетүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM