Биз менен байланышыңыз

5-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 385 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29;

Таласта түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25

Бишкек шаарында күн ачык болот.

Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM