Биз менен байланышыңыз

«Азыр ишкерлерди кордобой, коргошубуз керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июл 2020 | 615 | 0

«Азыр ишкерлерди кордобой, коргошубуз керек». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,  учурда аткаруу бийлиги ишкерлерге көрсөткөн кызмат жана өндүргөн товарларын сатуу багытында колдоо көрсөтүшү кажет.

Алсак, өкмөткө таандык мекемелер 72 млрд сомго жакын сатып алууларды жасашат. Ал сумманын барын ата мекендик товарларга  жумшоо зарыл. Сапат жагынан мыкты болбой калышы мүмкүн. Бирок ишканаларга жаңы жабдуу сатып берип, товардын сапатын жакшыртып, жакынкы 3-5 жылда бизнесмендерди бутуна тургузуп, жардам берүү талапка ылайык.

Мындан сырткары өкмөт кирешенин 70%ын камсыз кылган эки миңдей компанияга жекече мамиле кылып, ар бирин сактап калууга жана андагы жумушчу орундарды көбөйтүү менен алек болушу керек.

Эл өкүлү кошумчалагандай, фискалдык саясат ишке туура ашпай, кечеңдеп жатат. Бул маселе аракеттеги өкмөттүн колунан келбей калды. Эми октябрда жаңы өкмөт аракет кылышы керек.

Кыргызстан фискалдаштырууда 3 жылга кечигип, учурда анын кесепетин көрүп жатат.

-Пандемия шартында өкмөт көмүскө экономика менен күрөшөрүнө бираз күмөн санап жатам. Ошондуктан 1 млрд долларга жакын каражатты берип жатканда ар бир бизнес  ээси менен келишим түзүп, аны мамлекеттин алдында милдетин аткарышын талап кылуу зарыл. Ишкерлерге жөндөн-жөн эле «көмүскөдөн чыккыла» дегенде чыгышпайт, — дейт Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM