Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөө башталат

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 782 | 0

Бүгүн, 21-июнда Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруунун биринчи этабы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

ЖРТны өткөрүү үчүн республика боюнча 117 борбор даяр. Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 16, Баткен облусунда 9, Ош облусунда 22, Талас облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 10, Нарын облусунда 9 жалпы республикалык тестирлөө борборлору даярдалган.

22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы, 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы жана 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт.

13-19-июлдарда тестирлөөнүн жыйынтыктары жарыяланып, бүтүрүүчүлөргө таратылат. Окуу жайга тапшыруунун биринчи туру 20-июлда, экинчи туру 27-июлда, үчүнчү туру 3-августта өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM