Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда жер титиреди

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 570 | 0

Тажик-кыргыз чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Сейсмология институтуна таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 20:42де силкинүү күчү 5 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталган.

Жер титирөөнүн эпкини Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 3 баллдык сезилген. Курмандыктар жана кыйроолор жок.

Copyright © 2017 Maral FM