JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери жана “Элим, Барсыңбы” фонду тарабынан уюштурулап жаткан “Апаатка Такаат” долбоорунун алкагында учурда коронавирус менен түздөн-түз күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоо максатында 1000 комплект атайын вирустан коргоочу формалары тапшырылды.
Костюмдар Кытайда даярдалган, алар бардык стандарттарга жооп берет жана сапат тастыктамасы бар. Топтомго: беткап, көз айнек, костюм, бахила жана кол кап кирет.
Буларды сатып алуу үчүн ишкерлерден 2 млн сом чогултулган. Коргонуучу костюмдар республиканын бардык медициналык мекемелери боюнча бөлүштүрүлөт.
“Апаатка Такаат” долбоору өлкөбүздө коронавирус илдети коркунучу пайда болгондон баштап эле JIA Бизнес-ассоциоциясынын ишкерлери жана “Элим, Барсыңбы” ККФ тарабынан жүргүзүлүп келүүдө. Долбоор, өлкөнүн бардык аймактарында аталган уюмдун өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулуп, буга чейин өлкө боюнча 875 улгайган жана муктаж мекендештерге тамак-аш, вирустан коргонуу үчүн антисептикалык каражаттар берилген. Ошондой эле, коронавирус менен күрөшүп келген медицина кызматекерлерине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине тамак-аш таратылган.