25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.
Жаңы учурлардын аймактар боюнча бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 4;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 1.
Республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 665ти түздү.
Анын ичинен: стационарда – 312, жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 345 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.
Аймактар боюнча алсак:
- Ош облусу — 157;
- Бишкек — 151;
- Жалал-Абад облусу — 109;
- Ош шаары — 108;
- Нарын облусу — 83;
- Чүй облусу — 43;
- Ысык-Көл облусу — 8;
- Баткен облусу — 6.