Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Коронавирус жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнө элек

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 494 | 0

Азырынча коронавирус жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнө элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал белгилегендей, медицина кызматкерлерине компенсация берүүдөн мурда эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлөт.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми оорудан каза болсо, 1 млн сомдун тегерегинде компенсация төлөнөт. Бүгүнкү күндө компенсация төлөнө элек. Себеби ар бир учур боюнча комиссия түзүлүп, эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлөт. Комиссия чечим чыгарып, анын сунушунун негизинде кенемте төлөө каралат, — деди Каратаев.

11-апрелге карата Кыргызстанда дагы 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Жалпы илдетти жуктурган дарыгерлердин саны 51ге жетти.

Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 339ге жетти. Алардын ичинен 44 адам коронавирустан айыгып, 5 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM