Бишкекте коомдук коопсуздукту сактоо максатында жалпы 120 пост коюлду. Бул тууралуу брифинг учурунда ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
Борбордун аймагында орнотулган 120 көзөмөл тосмонун ичинен:
- чоң блокпосттор — 15;
- санитардык-карантиндик блокпосттор — 26;
- кичине блокпосттор — 76.
Андан тышкары Бишкек шаарында райондор аралык жөө патрулдар коюлган: Ленин району боюнча — 20, Свердлов району боюнча — 15, Октябрь району боюнча — 30, Биринчи май району боюнча — 25.
Коменданттык саат: Бишкекте тартип бузган 195 жаран кармалды