Connect with us

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркияда 8 китеби жарык көрдү

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 887 | 0

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркияда 8 китеби жарык көрдү. Бул тууралуу акын өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Китептер Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракесинин урматына чыгарылды.

«Бурса чынары («Bursa Çınarı») аттуу түрк тилиндеги экинчи китебимди Евразия жазуучулар союзу басты. Түрк дүйнөсүнүн 7 тилиндеги – азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, башкырт, саха (якут) тилдериндеги «Дүйнө алаканда» («Avuçtaki Dünya») аттуу китебим менен өзүнчө казак тилиндеги «Жүрөк конуш» (Жүрек – коныс») ырлар жыйнагымды мен эмгектенген ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жарыялады» , — деп жазган Кожогелди Култегин.

Кожогелди Култегин билдиргендей, кыргыз тилиндеги чыгармаларынын 5 томдугун Анкара шаарындагы Этумесгут райондук өзүн-өзү башкаруусу колго алып, кыргыз окурмандарына белек катары сунган.

«Китепте Этумесгут райондук өзүн-өзү башкаруусунун башчысы Енвер Демирелдин кыргызстандыктарга кыскача кайрылуусу басылган. Ошондой эле 5 томдукка айтылуу кыргыз адабиятчысы, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева алгы сөз жазып, Кожогелди Култегиндин чыгармачылык изденүүлөрүн кенен талдап тааныштырган. Макала 1-томдун алгачкы беттеринен орун алган», — деп кошумчалашты уюмдун басма сөз кызматынан.

Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси бүгүн, 18-февралда Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана ТҮРКСОЙ уюму тарабынан эл аралык деңгээлде белгиленмекчи. Мааракеге Кыргызстандан атайын делегация келип катышат.

Copyright © 2017 Maral FM