Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Депутаттар сот, укук коргоо органдарына нааразы

Коом | 30 Янв 2020 | 963 | 0

Баткендеги чек ара чырында чагымчылдык кылды деп шектелип кармалган кыргыз жарандары бошотулушу керек. Бул маселени бүгүн парламент жыйынында бир канча эл өкүлү көтөрдү. Алар чек ара маселеси кайрадан экинчи планга түшүп, каралып жаткан маселелер көз жаздымда калып жатканын сындашты. Мындан сырткары акылдуу эсептегичтеги мүчүлүштүктөр, мамлекеттин экспорту азайганы, элдин эмгеги акталбай жатканы тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Жогорку Кеңеште Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы маселелер көтөрүлүп, анда депутат Рыскелди Момбеков чагымчылдыкты баштаган тажик тарапка күч органдары тарабынан эч кандай реакция болбой, Баткендин жашоочуларына карата бир катар айыптоолор болуп жатканын айтып, сот, укук коргоо органдарын сынга алды. Ал арада депутат Карамат Орозова кыргыз-тажик чек арасында чагымчылдыкка шектелип кармалган 2 жаранды бошотууну талап кылды.

-Бүгүнкү күндө жергиликтүү активисттерге жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү тарабынан куугунтук жүрүп, эки жаран камакта жатса, экөөсү суракта жүрүптүр. Акыркы комиссиянын маалыматы боюнча чагымчылдыкты биздин кошуна мамлекеттер баштаган. А эмне үчүн чагымчылдык кылган кошуна тарапка эмес, чакырык кылган биздин балдарды куугунтук кылып жатканын мен түшүнө албай турам. Андыктан күч органдарынан суранып кетет элем, күчкө салбагыла, үчкө салгыла, күчөтүп албагыла! Гайкасын бурайбыз деп, резвасын кетирип албагыла!

Орозова: Чек арада жашаган элди камаганга кандай акыңар бар?

«Кыргызстандан башка мамлекетке товарларды экспорттоо мурунку жылдарга салыштырмалуу алда канча төмөндөдү. Бул экономикага терс таасирин тийгизип, жарандардын жашоосуна кыйынчылыктарды алып келет,» -дейт эл өкүлү Аалы Карашев. 2019-жылы экспорттун көлөмү өскөнү менен, анын 90% жакынын алтын түзүп, кийим тигүү, пахтаны экспорттоо 45-50% чейин төмөндөгөнүн мисал келтирди:

-2019-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен бизде экспорт 9,4 % өстү деген маалымат тарады. Бирок аны анализдеп карап көрсөк, ал алтындын гана эсебинен болуп жатат. Алтын 34,2 пайыздан 42% пайызга көтөрүлүп жатат. Башкача айтканда 1 млрд 738 млн долларга экспорт кылсак, анын 730 млн долларын алтын түзүп жатат. Алтын жок болгондо, экспорттун көлөмү төмөндөмөк. 10 айдын жыйынтыгы менен Орусияга болгон экспорттун көлөмү 22,7 % азайды. Кыргызстан менен Орусиянын президенттеринин чечими менен 2020-жыл кайчылаш жылы деп белгиленди. Ошонун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, экономика багытына бурбайсыңарбы! Өнөр-жай кооперациясын өнүктүргүлө, соода-сатыкты чыңдагыла. Президенттер түзүп берип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү пайдалангыла.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев, Юстиция министрлигинин коомчулуктун сыноосуна койгон “КРдин жарандыгы жөнүндө” мыйзамындагы өзгөрүүлөрүн сынга алды. Анда кыргыз жарандары башка мамлекеттин жарандыгын алса, кыргыз жарандыгынан чыгарылары жазылган.

-23-январда КРдин Юстиция министрлиги “КРдин жарандыгы жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу сунушун, коомдук талкууга койду. 26-берененин 4-пунктунда «КР жарандары, башка жарандыкты алган учурда кыргыз жарандыгын жоготот” деп жазылып турат. Бул мыйзам кабыл алынчу болсо, эмгек миграциясында жүргөн жарандарга абдан чоң таасирин тийгизет. Алар кыргыз жарандыгын жоготуп, өлкөдө чоң демографиялык, экономикалык жоготуу болот. Ошондуктан өкмөт тез арада бул мыйзамды токтотушу керек. Бул биздин талап.

Социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан − электр энергиясына төлөнүп жаткан акынын көп чыгышы, мурункуга салыштырмалуу айырманын көптүгү суроо жаратты эле. Бул маселени депутат Чыныбай Турсунбеков көтөрүп,  электр энергиясын эсептөөчү акылдуу эсептегич элдин купулуна толбой жатканын билдирди. Электр энергиясын аз колдонгон жарандарга айына бери дегенде он миң сом чыгып, тескерисинче көп жаккан адамдар аз төлөп жатканын мисал кылды.

-Акылдуу эсептегичтин негизинде кээ бир учурларда, мурункуга салыштырмалуу электр энергиясына акча көп чыгып келип жатыптыр. Эски эсептегичтер менен маселен 100 сом чыгып келсе, азыр 200-300 сомго чейин чыгып жатыптыр. Кышында иштебеген эс алуучу понсионаттарга жай мезгилиндеги эсептер келип жатыптыр. Учурда акча чогултуунун жаңы жолдору пайда болгону жөнүндө көп пикирлер коомчулукта айтылып жатат. Мунун артынан түшүп, тиешелүү органдар иликтеш керек. Эмне үчүн мындай кадамдар байма-бай катталып жатат? Жөн жерден ашыкча каражаттар чыгып, элди эмне үчүн туңгуюкка такап жатат? 

Дүйнөнү каптап, дүрбөлөңгө салган коронавирус оорусу күчөп жатканда, Чүй облусунда жайгашкан инфекциялык бөлүм ооруканасы иштебей жатканы, жашоочуларды ойлонтуп жатат-дейт эл өкүлү Айнура Аскарова. Жергиликтүүлөр ооруп калса, ыраак жерде жайгашкан ооруканага барып, кезек күтүү менен алек. Аскарова бул маселени тез-арада чечип, жараксыз ооруканаларды оңдоп-түзөөнү сунуштады.

-Жугуштуу оорулар абдан күч алды. Баарыбызга маалым болгон, коронавирус оорусу. Мындай кырдаалда Чүй аймактык ооруканасынын инфекция бөлүмү 1998-жылдан бери иштебей келет. Чүй районунда 58 миң калк жашайт. Демек ошончо адамды тейлеш керек. Ысык-Ата, Кемин райондорунан да оорулуулар келишет. Бүгүнкү күндө тургундар Бишкек шаарына чейин келип, анализ тапшырганына абдан нааразы. Жогоруда айткан инфекциялык бөлүм оңдоп-түзөөгө муктаж, сметалык база да аныкталып 11 млн сом. Бул маселе качан чечилет?

Коронавирус: 30-январдагы абал, 170 адам каза тапты [хронология]

Депутат Жыргалбек Турускулов Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө балык жоголуп бара жатканын айтып, аткаруу бийлиги бул көлдөрдө балык чарбасын өнүктүрүп, балыктын санын көбөйтүүнү колго албай жатканын сынга алды. Ошол эле маалда көлдөгү балыктарды броконьерлер кырып-жоюп жатканын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM