Биз менен байланышыңыз

Чагымчылдыкка шектелип камалган көк-таштыктар жогорку инстанцияга кайрылышты

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 397 | 0

Баткенде чагымчылдыкка шектелип камакка алынган Көк-Таш айылынын тургундары баш коргоо чарасын кароо боюнча жогорку инстанцияга кайрылды. Бул тууралуу камалгандардын бири Зайнидин Бердиевдин бир тууган агасы Аззамбек Бердиев “Маралга” билдирди.

Биз, менин иним Зайнидин менен кошо камалган айыл тургундарынын жакындары менен чогуу жогорку инстанцияга кайрылдык. Адвокат жалдаганбыз. Акыйкатчыга да кайрылдык. Соттун чечимин жокко чыгарып, биздин бир туугандарды бошотуп бергиле деп жатабыз. Алар эч кандай чагымчылдык жасаган эмес, курал менен атып келген тажиктен коргонгон, — деди Аззамбек Бердиев.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди чагымчылдык жасады деген шек менен 11-январда милиция кармаган.

13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Январдын он үчүндө жана он бешинде аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкектин борборунда ири нааразычылык акциялары өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM