Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Түркия жарандарынын эки мамлекеттин аймагында болуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 3229 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «ушул жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлиги Түркия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн кошумча протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кошумчалай кетсек, жогоруда аталган макулдашууга кошумча протоколдун максаты Кыргызстан менен Түркия жарандарынын эки мамлекеттин аймагында болуу шарттарын жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

Алсак, Түркияга 90 күндөн ашпаган мөөнөткө медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн келген кыргыз жарандары жана Кыргызстандын ар бир жаранын коштогон эки адам үчүн жашап турууга уруксатты тариздөөгө акы төлөөдөн бошотуу каралган

Ошондой эле кошумча протоколдо шарттардын тизмеси камтылган, аларга ылайык ар бир тараптын дин жана билим берүү иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан дайындалган кызмат адамдары иштөөгө уруксат алуу зарылдыгынан бошотулушат.

Copyright © 2017 Maral FM