«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер жер көчкү алдында калып, дайынсыз болууда. Бул тууралуу укук коргоо органы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер бүгүн, эртең мененки саат 5:00дөн бери жок болууда. 2 кызматкер түнкү нөөмөттө иштеген.
Кумтөр компаниясынан издөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Бул факты боюнча учурда расмий билдирүү берилет.