Эртең, 11-ноябрда кээ бир аймактарда кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус болот.