Марал Радиосу

11-ноябрга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 11-ноябрда кээ бир аймактарда кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5,  күндүз +3…+8

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1,  күндүз +3…+8

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -1…+4,  күндүз +7…+12

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3,  күндүз +1…+6

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9,  күндүз -2…+3

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус болот.

Exit mobile version