Биз менен байланышыңыз

Президент: Глобалдык атаандаштыкта илимдин ролу бийик

Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 618 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда, окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы — Илим күнү менен куттуктады. Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө экендигин белгиледи.

«Мамлекетибиздин туруктуу, коопсуз өнүгүүсү жана глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болуусу үчүн илимдин ролу бийик.

Илимди жаңы деңгээлге көтөрүү менен  экономикабызды жана социалдык чөйрөбүздү технологиялык жактан жаңылоону максат кылып, санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну көздөйбүз»,- деп жазылат президенттин куттуктоо катында.

Ошондой эле, илим адамынын коомдогу баркын көтөрүп, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө умтуларын кошумчалады.

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда илимге пайда келтирүү үчүн коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленет. Кыргызстанда 10-ноябрды илим күнү деп белгилөө токтому 2002-жылы 14-январда кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM