Акыркы 8 айдын ичинде Тажикстанга 51 өлкөдөн өлчөмү 37,4 млн доллардан ашык гуманитардык жардам берилген. Бул тууралуу СА-Ньюс порталы жазды.
Маалыматка ылайык, Тажикстанга келген гуманитардык жардамдын көлөмү 14 миң тоннадан ашкан.
Анын ичинде: ун, өсүмдүк майы, дары-дармек жана башкалар камтылган.
Жардам сунган өлкөлөрдүн арасынан: Орусия – 33,8 %, Кытай – 29,2 %, Швейцария – 7,6 %, Индия – 5,3 % керектүү каражаттарын берген.