Биз менен байланышыңыз

Айып пул өскөндөн бери мас айдоочулар үч эсеге азайды

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 527 | 0

Бузуулар жөнүндө кодекс менен белгиленген 17 500 сом айып пул түрүндөгү жоопкерчилик натыйжасын көрсөттү. Мас абалында жол кырсыктарына учуроонун саны үч эсеге азайды. Мындай маалымат жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында айтылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган категорияда катталган бузуулардын саны жарым жылдын жыйынтыгы боюнча үч эсеге азайган жана 2 211 фактыны түзгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилинде 5 911 учур катталган болчу.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков төрагалык кылган жыйындын жүрүшүндө республикадагы жолдордун абалы жана Кыргызстанда 2018-2019-жылдарга карата жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктары каралды.

Белгилегендей, республиканын дээрлик бардык аймактарында, «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылган участоктордон тышкаркы жерлерде жол кырсыктарынын санынын өсүүсү байкалууда.

Комиссиянын жыйынында жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдардын айрым түрлөрүн өзгөртүүнүн максаттуулугу жөнүндө маселе каралды.

Анын ичинде Комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 1231-беренесинде каралган, анын ичинде көрсөтүлгөн берененин 1-бөлүгү боюнча 1-категорияга (1000 сом) чейинки бузуулардын айрым түрлөрү үчүн айып пулдардын өлчөмүн азайтуунун максаттуулугу жөнүндө сунушуна макул болушту.

Жыйында республиканын унаа жолдорун паспорттоштуруу, автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле авариялык-кооптуу жол тилкелерин жоюу зарылдыгы маселелери козголду.

Copyright © 2017 Maral FM