Биз менен байланышыңыз

Ош: Белгиленбеген жерге таштанды төккөндөргө айып пул салынат

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 492 | 0

«Ош-Тазалык» ишканасы таштандыны атайын жайга эмес, жол боюна таштагандарга айып пул салуу боюнча протокол түзүп, коомчулукка таркатты. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Анын негизинде «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жол боюна таштанды төгүп жаткан жаранды кармап, айып пул салды. Айыпка жыгылган жаран төлөмдү банк аркылуу төлөп, каражат жергиликтүү казынага түштү.

Протоколду толтуруу боюнча ишкананын юристтерине, тиешелүү адистерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол-жоболору үйрөтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Бузуулар жөнүндө Кодексинин таштанды таштоо эрежелеринин 70-71-беренелерине ылайык, уруксат берилбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштагандарга, өрттөгөндөргө III категориядагы айып пул салынат. Ал эми өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштагандарга, өрттөгөндөргө, ошондой эле, жалбырактарды уруксатсыз өрттөгөндөргө IV категориядагы айып пул салынат.

Copyright © 2017 Maral FM