Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында өткөн жылы 3771 жолбун ит атылды

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 576 | 0
Сүрөт "Ош-тазалык" ишканасына таандык.

Ош шаарында жолбун иттер көбөйүп кеткендигине байланыштуу күн сайын калаадагы жолбун иттер атылып жатат. Аларды жок кылуу  «Ош- тазалык» ишканасынын негизги иштеринин бири. Мындай пикирин аталган ишкананын диспетчери Айбек Жолдошев «Марал» радиосуна билдирди.

Бүгүн жалпы 23 жолбун ит атылды. Эки ит атарыбыз Ак-Бууранын эки тарабындагы көчөдө жүргөн итттерди атышат. Ар кандай болот, кээде бир күндө 5 ит атылса, кээде 15 ит атылат , — деди Айбек Жолдошев.

Айбек Жолдошев билдиргендей, 2019-жылы жалпы Ош шаары боюнча жалпы 3771 ит атылган.

Copyright © 2017 Maral FM