Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президентин «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 1377 | 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганы жана Монголия элин «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Сизди жана Монголиянын боордош элин «Наадам» улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Ушул жылы Кыргызстанга жасаган расмий сапарыңыздын алкагындагы Сиз менен жолугушуумду жылуу сезим менен эстейм. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жана эки тараптуу күн тартиби боюнча иштиктүү пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү жактайбыз деп баса белгилейм», — деп жазылган Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президент Халтмаагийн Баттулгага бекем ден соолук, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Монголиянын элине өсүп-өнүгүүнү жана бакубат жашоо каалады.

Copyright © 2017 Maral FM