«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 20-июнунда кабыл алынган.
Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында кабыл алынган мыйзам менен 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга бир топ маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.