Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Айыл чарба министрлиги жөн гана статистикалык орган болбошу керек

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 637 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөн гана статистикалык орган болбой, агрардык тармактагы реформаларды алдыга жылдырган аракеттердин локомотиви болушу керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июнда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Өлкөнүн агрардык тармагынын учурдагы абалына көңүл буруп, айыл чарба өндүрүмүнүн экспортунун көлөмүн арттыруу, айыл чарба тармагына республикалык бюджеттен, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жана башка каржы институттары тарабынан бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү зарыл экендигин белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Аймактарда айыл чарба өндүрүмдөрүн сатуудагы так эмес божомолдор кандай кырдаалга алып келерин көрдүк. Министрлик дыйкандарда жаралган кырдаал боюнча стереотиптерди жоюусу, алар өздөрүнүн азык-түлүгүн сатуу учурунда зыян тартпагандай болушу керек», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков  өлкөдөгү ата мекендик айыл чарба өндүрүмүн экспорттоону көбөйтүү жана алыскы чет өлкөлөргө чыгаруу жана аймактарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылуунун зарылдыгын жана ирригациялык инфратүзүмдү куруу боюнча иштерди активдештирүүнү белгиледи.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM